Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-декабры № 789
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагында жайгашкан жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагына энергиясынын кайра жаралуучу булагынын объектисин (күн электр станциясын) куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 4-октябрындагы № 01-12/1260 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 26-августундагы № 277 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун Кичи-Кемин айыл аймагындагы № 2039, № 2032, № 2022, № 2019 контурларда жайгашкан, Курманбекова Айсулу Асановнанын, Макеева Айман Нурланбековнанын жана Макеев Аяр Нурланбековичтин жеке менчиктеринде турган, көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген, жалпы аянты 161,5 га жер участогу "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына энергиянын кайра жаралуучу булагынын объектисин (күн электр станциясы) куруу үчүн которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) көрсөтүлгөн жер участогунун шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
3) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объекттин шаар куруу документтерине экологиялык экспертиза жүргүзүүнү;
4) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
5) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
6) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалына келтирүү менен Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн жер участогун алып коюуну;
7) жогоруда көрсөтүлгөн жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарга ылайык алардын сакталышын;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун наркын төлөөнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 100 (3655) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |