Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 24-декабры № 781
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 20-июнундагы № 325 "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ачык акционердик коомунун акционеринин укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
2-пункттун 1-пунктчасында:
- экинчи абзацтагы "300000000 (үч жүз миллион)" деген сөздөр "150000000 (бир жүз элүү миллион)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацтагы "2500000000 (эки миллиард беш жүз миллион)" деген сөздөр "1500000000 (бир миллиард беш жүз миллион)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- 2027-жылы - 1150000000 (бир миллиард бир жүз элүү миллион) сом;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 27-декабрындагы № 100 (3655) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |