Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 31-декабры № 210
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 6-июну, № 45) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) 2-бөлүктө "жана аудиттин жогорку органдарынын аудитинин эл аралык стандарттарына ылайык" деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы түзүлгөнүнө карабастан, Эсептөө палатасынын аудиторлору алар шайланган бүткүл мөөнөткө өз ыйгарым укуктарын сактап калат.";
2) 3-беренеде:
а) 8-пунктта "аудиттен жана бухгалтердик эсептен айырмаланган иштин чөйрөсүндө" деген сөздөр "тиешелүү чөйрөдө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 14-пунктта "кызмат адамы" деген сөздөр "кызматчысы" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 15-пунктта "аудитордук ишти," деген сөздөр "аудитордук жана/же" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20) эксперттик-аналитикалык иш-чара - финансы системасынын, бюджеттик системанын бюджеттерин түзүүнүн жана аткаруунун, бюджеттен тышкаркы фонддордун актуалдуу көйгөйлөрүн изилдөө боюнча чаралардын комплекси, ошондой эле жүргүзүлгөн аудитордук иш-чаралардын натыйжалары боюнча аныкталган бузуулардын жана кемчиликтердин себептерин жана кесепеттерин изилдөө;";
3) 6-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 2-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 13-пунктта "алардын эл аралык бирикмелери" деген сөздөр "эл аралык уюмдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"18) Кыргыз Республикасы мүчө болуп саналган, бюджетине мүчөлүк төгүмдөрү төлөнгөн эл аралык уюмдардын бюджетинин каражаттарынын пайдаланылышына аудит жүргүзүү процессине катышуу.";
4) 7-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү мамлекеттик тилде төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Алар Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө иштеп жаткан мамлекеттик уюмдарына жана мекемелерине колдонулат.";
5) 10-беренеде:
а) 1-пунктта "кесиптик" деген сөз алып салынсын;
б) 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) Эсептөө палатасынын аппаратынын кызматкерлерин жана Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматчыларын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;";
6) 12-берененин 1-бөлүгүндө "7" деген цифра "9" деген цифрага алмаштырылсын;
7) 13-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) аудитордук жана/же эксперттик-аналитикалык иш-чаралардын натыйжалары боюнча отчетко кол коюуда өзгөчө укукка ээ;";
б) 2-бөлүктүн 2-пунктунда "кесиптик" деген сөз алып салынсын;
8) 14-беренеде:
а) аталышында "аудиторунун" деген сөздөн кийин "жана кызматчысынын" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эсептөө палатасынын кызматчысы кызмат ордуна дайындалгандан кийин Эсептөө палатасынын Кеңешинин алдында ант берет.";
9) 16-берененин 3-бөлүгүндө "5" деген цифра "7" деген цифрага алмаштырылсын;
10) 18-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-берене. Эсептөө палатасында мамлекеттик жарандык кызмат өтөө. Кызматчыларды аттестациялоо
1. Эсептөө палатасында мамлекеттик жарандык кызматка кирүү жана аны өтөө, ошондой эле андан бошотуу тартиби Президент тарабынан аныкталат.
2. Эсептөө палатасынын кызматчыларынын ээлеген кызмат ордуна ылайык келүүсүн аныктоо, кызматтык тартипти чыңдоо жана кызматтык өсүү келечегин белгилөө үчүн Эсептөө палатасынын кызматчыларын аттестациялоо өткөрүлөт.
3. Алгачкы аттестациялоо Эсептөө палатасына жумушка кабыл алынгандан бир жыл өткөндөн кийин өткөрүлөт.
4. Эсептөө палатасынын кызматчыларын кезектеги аттестациялоо эки жылда бир жолу өткөрүлөт.
5. Төмөнкүлөр кезектеги аттестациялоодон өтүшпөйт:
1) кош бойлуу кызматчы аял;
2) кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө, бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматчы.
Аталган адамдар өргүүдөн чыккандан кийин бир жылдан эрте эмес мөөнөттө аттестациялоодон өтөт.
6. Өргүүдө, дарыланууда жүргөн кызматчы жумушка чыккандан бир айдан кийин аттестациялоодон өтүүгө тийиш.
7. Кезексиз аттестациялоону өткөрүүгө жол берилбейт.
8. Кызматчыларды аттестациялоо Эсептөө палатасынын аттестациялык комиссиясы (мындан ары - Комиссия) тарабынан өткөрүлөт.
Комиссиянын курамы Эсептөө палатасынын төрагасы тарабынан бекитилет.
9. Комиссиянын жыйналыштары анын курамынын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышканда өткөрүлөт.
10. Комиссиянын чечимдери жана сунуштамалары ачык добуш берүү аркылуу Комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Добуштардын саны тең чыкканда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
11. Кызматчыларды аттестациялоонун жыйынтыктары боюнча Комиссия төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат:
1) ээлеген кызмат ордуна ылайык келет;
2) ээлеген кызмат ордуна ылайык келет жана кызмат ордунан жогорулатууга сунушталат;
3) аттестациялоодон кайталап өтүүгө тийиш;
4) ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт жана төмөн турган кызмат ордуна жылдырылууга тийиш;
5) ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт жана бошотулууга тийиш.
12. Кайталап аттестациялоо баштапкы аттестациялоону өткөргөн күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин өткөрүлөт. Комиссия кайталап аттестациялоодон өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат:
1) ээлеген кызмат ордуна ылайык келет;
2) ээлеген кызмат ордуна ылайык келбейт жана бошотулууга тийиш.
13. Аттестациялоону өткөрүү тартиби Эсептөө палатасынын укуктук актылары менен аныкталат.";
11) 23-беренеде:
а) 1-бөлүктө "аудитордук иштин стратегиялык жана жылдык пландарынын" деген сөздөр "Эсептөө палатасынын Стратегиялык өнүктүрүү планынын жана аудитордук иштин жылдык планынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүктө "Эсептөө палатасынын ишинин пландарын" деген сөздөр "Аудитордук иштин жылдык планын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 6-бөлүктүн биринчи абзацында "Эсептөө палатасынын ишинин" деген сөздөр "Аудитордук иштин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 24-беренеде:
а) 3-бөлүктүн экинчи абзацында "Эсептөө палатасынын мүчөсү" деген сөздөр "Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөсү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 4-бөлүктө ", бирок айына бир жолудан кем эмес" деген сөздөр алып салынсын;
в) 6-бөлүктө:
- 1-пунктта "аудитордук иштин стратегиялык жана жылдык пландарын" деген сөздөр "Эсептөө палатасынын Стратегиялык өнүктүрүү планын жана аудитордук иштин жылдык планын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункт "Эсептөө палатасынын регламентин" деген сөздөрдөн кийин ", Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмдөрүнүн жоболорун" деген сөздөр менен толукталсын;
13) 26-берененин 3-бөлүгү расмий тилде төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Стандарты внешнего государственного аудита определяют общие требования, характеристики, правила и процедуры осуществления Счетной палатой аудиторских и экспертно-аналитических мероприятий.";
14) 33-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33-берене. Эсептөө палатасынын эл аралык кызматташтыгы
1. Эсептөө палатасы тышкы мамлекеттик аудит маселелери боюнча эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин жогорку аудит органдары менен кызматташат, ошондой эле алар менен аудитордук жана/же эксперттик-аналитикалык иш-чараларды биргеликте же параллелдүү жүргүзөт.
2. Аудиттин эл аралык стандарттарын ишке ашыруу максатында түзүлгөн меморандумдардын же макулдашуулардын негизинде чет мамлекеттердин жогорку аудит органдары тарабынан Эсептөө палатасынын функциялык ишине баа берилиши мүмкүн.";
15) 35-берененин 4-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эсептөө палатасынын жана анын мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кызматкерлердин дараметин жогорулатуу жана аудитордук иштин жогорку көрсөткүчтөрүнө дем берүү үчүн фонд түзүлөт, анын каражаттарынын көлөмү Эсептөө палатасынын күтүү чыгымдарынын суммасынын 50 пайызын түзөт.";
16) 8-главанын аталышында "8" деген цифра "7" деген цифрага алмаштырылсын;
17) 37-берененин 2-бөлүгүндө мамлекеттик тилде "ченемдик" деген сөз алып салынсын.
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 10-январындагы № 1 (3657) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 4-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |