Редакцияот 25.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 25-декабры № 793

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин маселелерин жөнгө салуучу айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин ишин оптималдаштыруу, адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди натыйжалуу ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-ноябрындагы № 630 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Адам укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:

- сегизинчи, тогузунчу абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти;

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн эксперти;".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Адам укугу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:

- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Координациялык кеңештин мүчөлөрү Координациялык кеңештин төрагасы менен макулдашуу боюнча отурумдарга видео-конференц-байланыш аркылуу катыша алат.";

- 15-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"15. Координациялык кеңештин отурумдары зарылдыгына жараша, бирок жарым жылда кеминде бир жолу өткөрүлөт. Координациялык кеңештин төрагасынын чечими боюнча отурумдар видео-конференц-байланыш системасын колдонуу менен онлайн-форматта өткөрүлүшү мүмкүн.".

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев