Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 8-январы ПЖ № 1
Калктын жана ишкердик субъекттеринин салыктык түйшүгүн азайтуу жана салык салууну администрациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
Салыктык түйшүгүн азайтуу жолу менен калкка жана ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү жана кыйла натыйжалуу салыктык администрациялоого өтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) эки айлык мөөнөттө:
а) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна төмөнкүлөрдү караган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун киргизсин:
- транспорт каражаттарына мүлк салыгын жоюуну;
- 2025-жылдын 1-январына чейин аткарылбаган жана ага карата өндүрүү жөнүндө сот актысы жок транспорт каражаттарына мүлк салыгы боюнча салык милдеттенмесин аткаруудан бошотууну;
- 2025-жылдын 1-январынан тартып 2030-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерине мүлк салыгынын 0 пайыз өлчөмүндөгү ставкасын белгилөөнү;
- уюмду жоюуда жана жеке ишкердин ишин токтотууда пландан тышкаркы текшерүүлөрдү кошпогондо, 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилине салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салууну;
- 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилдеринде пайда болгон салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карыздарын эсептен чыгарууну;
б) жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз колдонулуучу товарлардын тизмесин аныктоо боюнча бир айлык мөөнөттө сунуш киргизсин;
2) андан ары ушул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан тобокелдиктерди болтурбоо максатында жергиликтүү салыктарды жоюуга байланыштуу жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин түшпөй калууларын компенсациялоо боюнча альтернативдүү чараларды иштеп чыксын.
2. Салык жол-жоболорун санариптештирүү маселелерин ыкчам чечүү максатында "Альфа Телеком" жабык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы "Салык Сервис" мамлекеттик мекемесинин санариптик долбоорлору үчүн сим-карталарды жана интернет-кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү болуп аныкталсын.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 10-январындагы « 1 (3657) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |