Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-декабры № 790
Мамлекеттик менчикти Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Прогресс айылында базар куруу максатында, Төрт-Көл айылдык кеңешинин 2024-жылдын 2-сентябрындагы № 99 токтомун көңүлгө алып, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 8-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Прогресс айылында жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган "Улуу Жибек Жолу" дүң базарын куруу дирекциясынын пайдалануусундагы жалпы аянты 13,86 гектар жер участогун Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине белгиленген тартипте өткөрүп берсин, анын ичинде:
- аянты 8,86 гектар жер участогу (идентификациялык коду 5-06-06-1005-0892);
- аянты 5 гектар жер участогу (идентификациялык коду 5-06-06-0012-0269);
- турак эмес курулуштары жана башка объекттери менен аянты 826,68 квадрат метр жер участогу.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
1) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун муниципалдык менчикке кабыл алуу жана сакталышын камсыз кылуу;
2) жер участогун жана анда жайгашкан мүлктү белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоону жүргүзүү, ошондой эле базарды куруу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу;
3) жергиликтүү бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен базардын ишин өнүктүрүү жана шарттарды түзүү;
4) өткөрүп берилүүчү жер участогун андан ары ээликтен ажыратпоо жана аны күтүүнү, андан ары тейлөөнү жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен камсыз кылуу;
5) максатсыз пайдаланылган учурда өткөрүп берилүүчү жер участогун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюуну кароо.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 100 (3655) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |