Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 24-декабры № 827-т
Мамлекеттик баалуу кагаздардын ликвиддүүлүгүн жогорулатуу чараларын жана индикаторлорун актуалдаштыруу жана фондулук рынокту өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-январындагы № 14-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылга иш-аракеттер планында:
- 112-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
112 | Инвесторлордун чөйрөсүн кеңейтүү үчүн мамлекеттик баалуу кагаздардын ликвиддүүлүгүн жогорулатуу жана фондулук рыноктун санариптик инфратүзүмүн өркүндөтүү | "Кыргыз фондулук биржасы жабык акционердик коомунун соода аянтчасына чыгууну камсыздоо | "Кыргыз фондулук биржасы" жабык акционердик коомунун соода аянтчасына чыгуу | ФМ | 30-июнь | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |