Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 25-декабры № 847-т
Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу боюнча координациялык комиссиянын ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 91-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-пунктта "Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институту" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен түзүлгөн Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу боюнча координациялык комиссиянын курамында:
- жетинчи абзацта "айыл чарба" деген сөздөр "суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жыйырма бешинчи абзацта "Экономикалык саясатты изилдөөлөр институтунун" деген сөздөр "Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу боюнча координациялык комиссия жөнүндө жободо:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасында Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу боюнча координациялык комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү маселелерин андан ары илгерилетүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын институттук эс тутумун сактоо үчүн мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ишин координациялоону камсыз кылуучу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.";
- 4, 5-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Комиссиянын ишинин максаттуу багыттары болуп Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү маселелерин андан ары илгерилетүү жана ишке ашыруу, ошондой эле Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүү боюнча Улуттук ыктыярдуу серепти даярдоо жана берүү саналат.
5. Комиссия ишинин максаттуу багыттарына ылайык төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашырат:
- Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү маселелерин илгерилетүүгө жана ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын секторлор аралык өз ара аракеттенүүсүнө көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасында туруктуу өнүктүрүү маселелерин илгерилетүүгө жана ишке ашырууга тартылган башка уюмдардын жана адамдардын ишин координациялайт;
- Туруктуу өнүктүрүү максаттарына (мындан ары - ТӨМ) жетишүү боюнча кезектеги Улуттук ыктыярдуу серепти уюштурууну жана берүүнү координациялайт;
- ТӨМгө жетишүүнүн улуттук ыктыярдуу баяндамасында чагылдырылган кийинки кадамдарды ишке ашырууга тартылган БУУ системасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору, мамлекеттик органдар, эл аралык жана коомдук уюмдар, башка өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
- мезгил-мезгили менен өзүнүн жыйналыштарында тиешелүү ТӨМдү ишке ашыруу жана жетишүүлөрдүн прогресси боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын маалыматтарын угат;
- мамлекеттик органдардын жана ТӨМдү ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн биргелешкен ишин ишке ашыруунун жүрүшүн жана жетишилген натыйжаларын жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууга көмөк көрсөтөт;
- ведомстволор аралык консультациялык-эксперттик топту түзөт, Комиссиянын компетенциясына кирген маселелерди кароо үчүн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын адистерин, ошондой эле жарандык жана эксперттик коомчулуктун, жеке сектордун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартат.";
- 6-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- ТӨМдү ишке ашыруу боюнча милдеттерди чечүү менен байланышкан маселелерди, анын ичинде кезектеги Улуттук ыктыярдуу серепти өткөрүүнү кароого;";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу Комиссиянын анын ичинде сырттан жыйналыштарында да жүргүзүлөт.";
- 17-пункттун биринчи абзацында "Экономикалык саясатты изилдөөлөр институту" деген сөздөр "Экономика жана коммерция министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |