Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-декабры № 807
“Кылым Банк” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
Өлкөнүн банк секторун жана финансы системасын өнүктүрүү, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана экономиканы санариптештирүүгө дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен “Кылым Банк” ачык акционердик коому (мындан ары – “Кылым Банк” ААК) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) уставдык капиталын 1 000 000 000,0 (бир миллиард) сом өлчөмүндө аныктап, бир акциянын номиналдык наркы 1 000 (бир миң) сом болгон жөнөкөй энчилүү акциялардын 1 000 000 (бир миллион) даанасын чыгаруу жана төлөө жолу менен “Кылым Банк” ААКтын уюштуруучусу катары чыксын;
2) “Кылым Банк” ААКтын уставын иштеп чыксын жана жана бекитсин;
3) 2027-жылга чейин “Кылым Банк” ААКтын уставдык капиталынын өлчөмүн 5 000 000 000,0 (беш миллиард) сомго чейин жеткирсин;
4) “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын;
5) юридикалык жакты Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында каттоодон өткөрсүн;
6) банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына мыйзамдарда белгиленген тартипте өтүнмө берсин;
7) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. “Кылым Банк” ААК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсептешүүлөрдү жана клирингдик операцияларды жүргүзүү, баалуу кагаздарды сактоо жана эсепке алуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган баалуу кагаздарга идентификациялык коддорду ыйгаруу, ошондой эле банктык жана башка операцияларды жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктарды берүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында борбордук контрагент, улуттук депозитарий жана номерлөөчү агент болуп аныкталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы “Кылым Банк” ААКты туруктуу жайгаштыруу үчүн тиешелүү жайдаларды тапсын жана анын ишин техникалык, коммуникациялык жактан тейлөөнү камсыз кылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 101 (3656) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-декабры № 807
“Кылым Банк” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 39 токтомунун редакциясына ылайык
Өлкөнүн банк секторун жана финансы системасын өнүктүрүү, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана экономиканы санариптештирүүгө дем берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен “Кылым Банк” ачык акционердик коому (мындан ары – “Кылым Банк” ААК) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) уставдык капиталын 1 000 000 000,0 (бир миллиард) сом өлчөмүндө аныктап, бир акциянын номиналдык наркы 1 000 (бир миң) сом болгон жөнөкөй энчилүү акциялардын 1 000 000 (бир миллион) даанасын чыгаруу жана төлөө жолу менен “Кылым Банк” ААКтын уюштуруучусу катары чыксын;
2) “Кылым Банк” ААКтын уставын иштеп чыксын жана жана бекитсин;
3) 2027-жылга чейин “Кылым Банк” ААКтын уставдык капиталынын өлчөмүн 5 000 000 000,0 (беш миллиард) сомго чейин жеткирсин;
4) “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын;
5) юридикалык жакты Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында каттоодон өткөрсүн;
6) банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына мыйзамдарда белгиленген тартипте өтүнмө берсин;
7) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 39 токтомуна ылайык күчүн жоготту)