Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-декабры № 797
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Маданият жана искусство мекемелеринин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 5-тиркемесинде:
эскертүүдө:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- "4. Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын штаттык саны 52 штаттык бирдиктин чегинде белгиленет.";
- 11-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 101 (3656) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |