БИРИККЕН КАРА-ШОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бириккен Кара- Шоро айылдык кенешинин уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 20-февралы № 1
Бириккен Кара- Шоро айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү тууралуу
“Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жѳнүндѳ Убактылуу жобону жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бириккен Кара- Шоро айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө 2024-жылдын 20-февралындагы Кара- Шоро айылдык кеңешинин уюштуруу сессиясынын №1 протоколу бекитилсин.
2. Кара- Шоро бириккен Кара- Шоро айыл аймагынын Кара- Шоро айылдык кеңешинин Турдали уулу Кубанычбек шайланган төрагасы деп таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: |
| Ө.Алишеров |