Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-декабры № 798
Жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды өткөрүп берүү маселелери жөнүндө
Жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу чечүү максатында, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 10-статьяларына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган жүргүнчүлөрдү ташуучу 13 бирдик автобусту андан ары аларды Токмок жана Балыкчы шаарларынын мэрияларына 1, 2-тиркемелерге ылайык өткөрүп берүү үчүн мамлекеттик менчикке белгиленген тартипте кабыл алсын.
2. Токмок жана Балыкчы шаарларынын мэрияларына белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктү муниципалдык менчикке кабыл алуу жана аны так максаттуу багыты боюнча пайдаланууну камсыз кылуу;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
Токмок шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилүүчү автобустардын ТИЗМЕГИ
№ | Негизги каражаттардын аталышы | Саны (бирд.) | Инвентардык номери | Идентификациялык номери (VIN) | Эксплуатацияга берүү | Эксплуатациялоо мөөнөтү | Жүргөн аралыгы (км) | Баланстык наркы (сом) | Калдык наркы (сом) |
1 | Yutong | 1 | 01KG745AG | LZYTBGDF6K 1009124 | 29.04.2019 | 2019-2024 | 265286 | 5019464 | 1711025 |
2 | Yutong | 1 | 01KG719AG | LZYTBGDF3K 1009159 | 29.04.2019 | 2019-2024 | 207312 | 5019464 | 1711025 |
3 | Yutong | 1 | 01KG762AG | LZYTBGDF5K 1009146 | 29.04.2019 | 2019-2024 | 207299 | 5019464 | 1711025 |
4 | Yutong | 1 | 01KG773AG | LZYTBGDF1K 1009161 | 29.04.2019 | 2019-2024 | 221441 | 5019464 | 1711025 |
5 | Yutong | 1 | 01KG723AG | LZYTBGDF4K 1009154 | 29.04.2019 | 2019-2024 | 242167 | 5019464 | 1711025 |
6 | Yutong | 1 | 01KG738AG | LZYTBGDF8K 1009142 | 29.04.2019 | 2019-2024 | 253536 | 5019464 | 1711025 |
7 | Yutong | 1 | 01KG742AG | LZYTBGDFXK 1009143 | 29.04.2019 | 2019-2024 | 245502 | 5019464 | 1711025 |
Жалпы: | 7 |
|
|
|
|
| 35136248 | 11977175 | |
|
| 2-тиркеме |
Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилүүчү автобустардын ТИЗМЕГИ
№ | Негизги каражаттардын аталышы | Саны (бирд.) | Инвентардык номери | Идентификациялык номери (VIN) | Эксплуатацияга берүү | Эксплуатациялоо мөөнөтү | Жүргөн аралыгы (км) | Баланстык наркы (сом) | Калдык наркы (сом) |
1 | Yasin | 1 | 4889 ВВ | LJSKB5GG58D 000347 | 2008-жыл | 2008-2023 | 431528 | 0 | 0 |
2 | Yasin | 1 | 5016 BB | LJSKB5GG18D 000491 | 2008-жыл | 2008-2023 | 559557 | 0 | 0 |
3 | Yasin | 1 | 5085 ВВ | LJSKB5GG38D 000427 | 2008-жыл | 2008-2023 | 597489 | 0 | 0 |
4 | Yasin | 1 | 7233 ВВ | LJSKB6GL9AD 001767 | 2010-жыл | 2010-2023 | 302968 | 0 | 0 |
5 | Yasin | 1 | 4876 ВВ | LJSKB5GG98D 000304 | 2008-жыл | 2008-2023 | 792545 | 0 | 0 |
6 | Yasin | 1 | 5042 ВВ | LJSKB5GG18D 000488 | 2008-жыл | 2008-2023 | 579558 | 0 | 0 |
Жалпы: | 6 |
|
|
|
|
| 0 | 0 | |