Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН (VII- ШАЙЛАНГАН) КЕЗЕКСИЗ XXVIII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 19-апрели № 179
«Мады айыл өкмөтүнүн Каарман айылындагы аты жок көчөгө Азизов Асилбектин ысымын коюу жөнүндө»
Мады айыл өкмөтүнүн Каарман айылынын тургуну Азизов Жумабектин арызынын жана протоколунун негизинде даярдалган “Мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7–беренесин негиз кылып, Мады айылдык кеңеши төмөндөгү көчөгө ысым берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мады айыл өкмөтүнүн Каарман айылынын аты жок көчөгө Азизов Асилбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Каарман айылындагы Азизов Асилбек атындагы көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Азизов Асилбектин агасына жана жакын туугандарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Мады айылдык кеңешинин төрагасы |
| Б.Мадазимов |