Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXIX СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 15-майы № 181
“Мады айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин калдык суммасын кайра кароо жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин калдык суммасын кайра кароо жөнүндө айылдык кеңешитин финансы, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 30-апрелиндеги кошмо отурумунун чечиминин негизинде Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышы:
кирешелер планы -84129,0 миң сом, аткарылганы – 85899,4 миң сом, чыгашалар планы – 84129,0 миң сом, аткарылганы – 76618, 4 миң сом.
2023-жылдан калган калдыктын эсебинен – 9056,1 миң сом, ал эми атайын каражаттар эсебинен – 224,9 миң сом акча каражаты комушча смета жана 2023-жылдык жергиликтүү бюджетинин калдык суммасы айылдык кеңештин финансы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 30-апрелдеги кошмо отурумда каралган долбоордун чечими бекитилсин.
2. Мады айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдары тендерге берилип бирок толук бүтпөй калган тратуарлар кайрадан тендерге берилип быйыл 2024-жылы бүткөрүлсүн.
3. Өжөр, Какразар, Кызыл-Тал участкаларына 2023-жылдын калдык суммасынан биринчи кезекте столбага, шагылга, трансформаторго каралсын.
4. Түрткү берүүчү гранттарга, Өнүктүрүү фондуна берилүүчү долбоорлорду айылдардын, мектеп, бала бакчалардын зарылчылыгына, муктаждыгына карап депутаттардын чечиминин негизинде каралсын.
5. Тендерге берилген ар бир жумуштун аткарылышы боюнча айыл башчы, айылдык депутат, мектеп, бала бакча жетекчилери иш алып барышсын.
6. Проектердин сметасын, долбоорун түзүүдө айыл башчылар, айылдык депутаттар, муниципалдык ишканалардын жетекчилери, мектеп, бала бакча директорлору (мектеп бала бакчаларга тиешелүү долбоор болсо) даярдап долбоордун өткөрүлүшүнө жардам берүүнү милдеттендирилсин.
7. Мады айыл аймагындагы аткарылуучу иштер өз убагында тендерге берилип, аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Мырзабаевке жүктөлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин финасы, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Аматовго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |