Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXIX СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 15-майы № 182
“Мады айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын I-кварталда аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 1-кварталда аткарган иштери боюнча айыл өкмөт башчы Н.К.Алимбековдун берген маалыматын угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөт башчысынын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын I-кварталда аткарган иштери боюнча берген маалыматы жактырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |