Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXIX СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 15-майы № 185
“Калктуу конуштардагы жеке турак үйдүн курулушу үчүн жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок жарандардын жер участоктору боюнча жер тилкесин бекитип берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 “Жер-укук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесинде Калктуу конуштардагы жеке турак үйдн курулушу үчүн жер участогуна укук белгилөөчү документтери жок жер участоктору боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы жер участогун бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчы Н.К.Алимбековдун билдирүүсүн угуп талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл аймагындагы укук берүүчү документи жок жарандардын ар биринин үйүнө тиешелүү жер аянты бекитилип берилсин.
2. Райондук архитектура, кадастр мамлекеттик мекемеси ишканаларынан тиешелүү иш кагаздарды даярдатып аткарууга алуу жагы ар бир жарандын өзүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчы Н.К.Алимбековго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Каримовго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |