Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXIX СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 15-майы № 187
“Мады айыл аймагында баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды медициналык көрсөтмөлөрү жок колдонуу, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүү дүкөндөрдө, соода сатык жайларда тамеки жана спирт ичимдиктерин, ден-соолукка терс таасирин тийгизген каражаттарын сатпоо жөнүндө”
Мады айыл айыл аймагында дүкөндөрдө, соода сатык жайларда тамеки жана спирт ичимдиктерин, ден-соолукка терс таасирин тийгизген каражаттарын сатпоо жөнүндөгү мыйзамдуулук, укук мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 127, 282-беренесинин негизинде Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл аймагындагы баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды медициналык көрсөтмөлөрү жок колдонуу, коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүү жана спирт алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана сатуу тартибин бузуу боюнча иштерди күчөтүү жагы Кара Суу райондук ички иштер бөлүмүнө сунушталсын.
2. Укук бузуулар кодексине ылайык жогорудагы маселе боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |