Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXIX СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 15-майы № 188
«Мады айыл айыл аймагынын Асан-Чек айылындагы жана Достук участкасындагы аты жок көчөгө ат коюу жөнүндө»
юу жөнүндө»
Мады айыл айыл аймагынын Асан-Чек айылынын тургундарынан жана Достук участкасынын тургуну Туйбаев Айбектин арызынын негизинде даярдалган мыйзамдуулук, укук, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7–беренесин негиз кылып, Мады айылдык кеңеши төмөндөгү көчөлөргө ысым берүү максатында токтом кылат:
1. Мады айыл аймагынын Асан-Чек айылынын аты жок көчөгө Исмаилов Алимжандын, Достук участкасынын аты жок көчөгө Туйбаев Жоробайдын ысымдары ыйгарылсын.
2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Исмаилов Алимжан жана Туйбаев Жоробайдын атындагы көчөлөргө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Исмаилов Алимжан жана Туйбаев Жоробайдын балдарына, жакын туугандарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |