Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXIX СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 15-майы № 189
“Мады айыл аймагындагы жайытка мал багуу боюнча мал берүүчү жана мал багуучунун ортосундагы түзүлүүчү келишимин бекитүү жөнүндө”
Мады айыл аймагындагы жайытка мал багуу боюнча мал берүүчү жана мал багуучунун ортосунда түзүлүүчү келишимди бекитүү жөнүндөгү Жайыт комитетинин төрагасы Ж.Исмаиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл аймагындагы жайытка мал багуу боюнча мал багуучу жана мал берүүчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим төмөндөгүдөй баада бикитилсин:
- ийри мүйүздү бир баш малга – 1 айга 800 сом.
- ийри мүйүздү малга музоосу менен – 1 айга 1200 сом
- кой, эчкиге бир башка - 1 айга 150 сом
2. Мады айыл аймагындагы мал жандыктар жарандардын үлүш жерине, жайыт жерге кирсе төмөндөгүдөй айыл акча салынсын:
- жылкыга - 5000 сом
- ийри мүйүздү малга – 5000 сом
- койго, эчкиге - 1000 сом
3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлгө алуу жагы Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо жана мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |