Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXIX СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 15-майы № 191
“Өзгөчө кырдаалдар боюнча адис Р.Камбаровдун 1-кварталда аткарылган иштери боюнча маалыматы”
Мады айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Р.Камбаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Р.Камбаровдун 1-кварталда аткарган иштери боюнча маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Мады айыл аймагындагы сел жүрүү коркунучу бар аймактарды жеринен барып таанышып, иш-план түзүп, селдин алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүүнү айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси Р.Камбаровко милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |