ТОКТОМ
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2023-жылдын 14-июлундагы № 176
Кызыл-Ураан айылынын Сасык участкасындагы айыл чарба категориясындагы 0,20га жайыт жер аянтынын багытын өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ураан айылынын Сасык участкасынан №2753 контурдагы 0,20га айыл чарба категориясындагы жайыт жер аянтынын багытын, өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги XXII сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Кызыл-Ураан айылындагы Сасык участкасынын №2753 контурундагы айыл чарба категориясындагы 0,20га жайыт жер аянтынын багытын өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А. Дөөлөткелдиев |