ТОКТОМ
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы
2023-жылдын 14-июлундагы № 169
Аппараттын 3112 беренесине каралган 700,0(жети жүз миң )сом акча каражатын, аппараттын 3111 беренесине жылдырууга макулдук берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Калбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XXII сессиясы токтом кылат:
1. Айыл өкмөттүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн акча каражаты жетишпей жаткандыгына байланыштуу Аппараттын 3112 беренесине каралган 700,0 (жети жүз миң )сом акча каражатын, 3111 беренесине жылдырууга макулдук берүү боюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Калбаевдин билдирүүсү эске алынып, макулдук берилсин.
2. Жылдырылган акча каражатын, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн негизги каражатынын 3111 беренесине отургузуу боюнча Токтогул райондук каржы башкармалыгынан суралсын.
3. Аталган маселе боюнча иш жүргүзүү жагы, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Калбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевке жүктөлсүн.
5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: |
| А. Дөөлөткелдиев |