Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-мартындагы № 1
Базар-Коргон шаардык кеңештин токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» мыйзамынын 10-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 39-беренесинин 5-бөлүмүнө ылайык, Базар-Коргон райондук прокуратурасынын ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө 2023-жылдын 25-февралдагы №11/1-3-141-23 сунуштамасынын негизинде, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XХ-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаардык Кеңешинин I-чакырылышынын 2022-жылдын 24-ноябрындагы кезектеги ХVII–сессиясынын №8-токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун көчүрмөсү Базар-Коргон райондук прокуратурасына маалымат үчүн жиберилсин.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомду Жалал-Абад областтык Адилет башкармалыгына каттоого берүү, шаардык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: |
| Анарбеков К.К. |