Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-ноябрындагы № 1
Базар-Коргон шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетин 2022-жылдын 9 айына бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө“ № 123 мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык Базар-Коргон шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча 2022-жылдын 9 айына карата кошумча киреше жана үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебеинен өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Базар-Коргон шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн билдирүүсүн, Базар-Коргон шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана ички-сырткы инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык Кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XVII-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетине түшкөн 16000,0 миң сом акча каражаты киреше бөлүгүнө бекитилсин.
2. Базар-Коргон шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга карата бекитилген сметасындагы асфальтка каралган 10000,0 миң сом акча каражаты иштетилбегендиктен керектүү элементтерге иштетүү үчүн бөлунсүн.
3. Базар-Коргон шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин атайын каражаттар эсеп счетуна 2000,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
4. Базар-Коргон шаарындагы № 20 Насыйкат балдар бакчасынын ремонту үчүн 4000,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
5. Базар-Коргон шаарындагы борбордук айланпаны ремонттоо үчүн 1361,2 миң сом акча каражаты бекитилсин.
6. Базар-Коргон шаар мэриясынын имаратын ремонту үчүн 1300,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
7. Базар-Коргон шаарындагы № 12 Назик, № 49 Алтын-Балалык балдар бакчасынын жаңы ачылган тайпаларына тамак аш үчүн 600,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
8. Базар-Коргон шаар мэриясынын алдындагы “Базар-Коргон сууканал” муниципалдык ишканасына субцидия катары 500,0 миң сом акча каражаты жана “Экскаватор” атайын техникасын сатып алуу үчүн 5000,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
9. Базар-Коргон шаар мэриясынын кызматтык авто унаасын ремонту үчүн 120,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
10. Базар-Коргон шаарына караштуу “Чубак Ажы Жалилов” атындагы жаңы конушундагы (Үч-Эмчек участкасындагы) жерлерди трансформациядан чыгаруу кызматы үчүн 600,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
11. Базар-Коргон шаарындагы жаңы ачылган бала бакчаларга көмүр сатып алуу үчүн 380,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
12. Базар-Коргон шаарындагы Ак-Бермет бала бакчасынын жылытуу системасын куруу үчүн 1000,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
13. Базар-Коргон шаар мэриясынын аткара турган иштерине долбоорлор, сметалар жана экспертизалар жасатуу үчүн 1500,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
14. Базар-Коргон шаар аймагына керектелүүчү столба, зым, трансформатор сатып алуу үчүн 2000,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
15. Базар-Коргон шаар мэриясынын алдындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасына атайын техника сатып алуу үчун 3000,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
16. Базар-Коргон шаарынын Сай-Коргон участкасына көпүрө куруу үчүн 872,4 миң сом акча каражаты бекитилсин.
17. Базар-Коргон шаарында жашаган оорукчан-майып балдар үчүн сүт-азыктары сатып алууга 60,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
18. Базар-Коргон шаар мэриясына жана Базар-Коргон шаардык Кеңешине компьютер сатып алуу үчүн 350,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
19. Базар-Коргон шаарынын Бабур участкасында жайгашкан мазардын ичинен жана сыртынан өткөн агын суу арыктарына бетон-латок куруу үчүн 600,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
20. Базар-Коргон шаар мэриясынын алдындагы “Аксакалдар сотуна” 24,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
21. Базар-Коргон шаарындагы спорт оюндарына 100,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
22. Базар-Коргон шаарындагы № 26 А.Худайбердиев атындагы мектепке эмеректер сатып алуу үчүн 150,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
23. Базар-Коргон шаарындагы Аралов көчөсүндөгү стадиондун айланасын тосмолоо үчүн 120,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
24. Базар-Коргон шаарындагы Беш-Бадам участкасындагы фельшердик-акушердик пункту ремонттоо үчүн 150,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
25. Базар-Коргон шаарынын “Өзгөчө кырдаалдар учуруна” 500,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
26. Базар-Коргон шаарында Улуттук оюндарды колдоо иретинде “Тай-Казан” куруу үчүн 100,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
27. Базар-Коргон шаар мэриясынын алдын-ала каралбаган чыгымдары үчүн 1612,4 миң сом акча каражаты бекитилсин. Жалпысы болуп Базар-Коргон шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 28000,0 миң сом акча каражаты бекитилип, жогоруда көрсөтүлгөн жумуштар үчүн ажыратылып берилсин. 2022-жыл ичинде үнөмдөлгөн акча каражаттарын Базар-Коргон шаар мэриясы тарабынан керектүү көйгөйлүү чыгымдарга бекитилсин.
28. Токтомду аткарууга алуу жагы Базар-Коргон шаарынын убактылуу милдетин аткаруучу мэрине жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
29. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
30. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы шаар Кенешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
31. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Базар-Коргон шаар Кеңешинин Бюджет-Экономика, сырткы жана ички инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Базар-Коргон шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары: |
| Анарбеков К.К |