Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I -чакырылышынын кезексиз XVIII-сессиясы
2022-жылдын 20-декабрындагы № 2
Базар-Коргон шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33, 34, 39 – беренелерине ылайык, жана ошондой эле “Базар-Коргон шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу” эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XVIII –сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 2022-жылдын 20-декабрындагы отурумунун №1, №2- протоколдору (тиркелет) бекитилсин.
2. Базар-Коргон шаардык кеңешинин төрагасы Анарбеков Курманбек Кубанычович болуп шайланды деп эсептелинсин.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаар мэриясынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы шаар Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Базар-Коргон шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары: |
|
А.Ж. Сулайманова |