Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-ноябрындагы № 6
Базар-Коргон шаар тургундарына материалдык жардам катары каражат бөлүп берүү жөнүндө
Базар-Коргон шаарынын тургундары Саттаров Шерзод жана Максудова Зарипа Базар-Коргон шаар мэриясына материалдык жардам сурап жазган арыздарын, Базар-Коргон шаар мэринин сунуштарын, Базар-Коргон шаардык Кеңешинин “Социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул, маданият, коомдук уюмдар, жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун карап чыгып талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин жана Кыргыз Республикасынын улуттук “Ден соолук” программасын эске алуу менен, Базар-Коргон шаардык Кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XVII-сессиясы токтом кылат:
1. 1). Базар-Коргон шаарынын тургуну Саттаров Шерзод 20,0 миң сом,
2). Базар-Коргон шаарынын тургуну Максудова Зарипа 20,0 миң сом,
жалпысы 40,0 миң сом акча каражаты Базар-Коргон шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Базар-Коргон шаарынын убактылуу милдетин аткаруучу мэрине милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы шаар Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Базар-Коргон шаардык Кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул маселелери, маданият, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Базар-Коргон шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары: |
| Анарбеков К.К |