Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-ноябрындагы № 5
Базар-Коргон шаарына таза суу жана канализация боюнча Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы тарабынан келүүчү инвестицияны алууга макулдук берүү жөнундө
Таза суу жана канализация системасын калыбына келтирүү боюнча “Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын” долбооруна Базар-Коргон шаары кошулгандыгына байланыштуу бул долбоорого макулдук берүү жөнүңдөгү Базар-Коргон шаар мэриясынын алдындагы “Базар-Коргон сууканал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Араловдун 22.11.2022-ж. № 26 сандуу кайрылуусун карап чыгып, талкуулап, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык Кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XVII-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаары таза суу жана канализация системасын калыбына келтирүү боюнча “Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын” долбооруна киргендигине байланыштуу инвестицияны тартууга (алууга) макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын убактылуу милдетин аткаруучу мэрине жана “Базар-Коргон сууканал” муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы шаар Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Базар-Коргон шаар Кеңешинин Бюджет-Экономика, сырткы жана ички инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Базар-Коргон шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары: |
| Анарбеков К.К |