Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-ноябрындагы № 4
№ 49 “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча 1 тайпа ачууга уруксат беруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”№ 123 мыйзамынын 27-беренесинин 19-пунктун аткарууга алуу менен Базар-Коргон шаар мэриясына караштуу № 49 “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү уюмунун 2022-жылдын 14-ноябрындагы кириш № С-1900 сандуу катынын негизинде кошумча 25 орундуу 1(бир) тайпа ачып беруу боюнча кайрылуусун,Базар-Коргон шаардык Кенешинин депутаттары жеринен барып корушуп, талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар- Коргон шаардык Кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XVII-сессиясы токтом кылат:
1. № 49 “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча 1(бир) тайпа ачып берүүгө уруксат берилсин.
2. № 49 “Алтын балалык” мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча 1(бир) тайпа ачылгандыгына байланыштуу тамак-аш, көмүр-отун жана инвентарлар менен камсыз кылуу жагы Базар-Коргон шаарынын убактылуу милдетин аткаруучу мэрине милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы шаар Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Базар-Коргон шаардык Кеңешинин социалдык, мектеп, бала бакча, жөлөк пул маселелери, маданият, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Базар-Коргон шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары: |
| Анарбеков К.К |