Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-ноябрындагы № 3
Базар-Коргон шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетине 2022-жылдын 9 айына карата өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Базар-Коргон шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча 2022-жылдын 9 айына карата кошумча киреше жана үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебеинен өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Базар- Коргон шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн билдирүүсүн, Базар-Коргон шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана ички-сырткы инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык Кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XVII-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын берген билдируусунун негизинде 2022-жылдын 9 айына карата жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө атайын каражаттар эсебинен төмөндөгүдөй отургузулсун.
1).70911-разделдин 2218-статьясына +2000,0 миң сомго отургузулсун.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэриясынын мэрине жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө” мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаар мэриясынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы шаар Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Базар-Коргон шаар Кеңешинин Бюджет-Экономика, сырткы жана ички инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Базар-Коргон шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары: |
| Анарбеков К.К |