Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 29-сентябрындагы № 1
Убактылуу комиссия курамын түзүү жөнүндө
Базар-Коргон шаар мэриясынын алдында түзүлгөн муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчик же ижара укугун берүү комиссиясы аркылуу 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижарага берилип кеткен Базар-Коргон шаарынын борборундагы “Үсөн Сыдыков” атындагы эс алуу паркы (багы) боюнча кайра текшерип чыгуу боюнча убактылуу комиссия түзүү жөнүндөгү Базар-Коргон шаардык Кеңешинин депутаты Р.Каимовдун ооз эки сунушун карап чыгып талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык Кеңешинин I-чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарынын борборундагы “Үсөн Сыдыков” атындагы эс алуу паркы (багы) боюнча кайра текшерип чыгуу үчүн шаардык Кеңештин депутаттарынан төмөнкү курамда убактылуу комиссия түзүлсүн.
1). Сулайманова А. - комиссия төрайымы,
2). Каимов Р., - комиссия мүчөсү
3). Кочоров Б., - комиссия мүчөсү
4). Бадалбаев Б., - комиссия мүчөсү
5). Турдиева Б., - комиссия мүчөсү
6). Маматова С., - комиссия мүчөсү
7). Мирзабдиллаев М., - комиссия мүчөсү
8). Абдисаматова Р., - комиссия мүчөсү
9). Базаркулова Г., - комиссия мүчөсү
2. Токтомду аткарууга алуу жагы убактылуу түзүлгөн комиссия төрайымы А.Сулаймановага милдеттендирилсин.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Базар-Коргон шаардык Кеңешинин төрагасы: |
| Садыков З.Ш. |