Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2024-жылдын 29-ноябры №1/4
“III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 61-беренесинин негизинде Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кенешинин II чакырылышынын I уюштуруу сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ №271 Жарлыгы жана Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 30-ноябрь 2024-жылдагы №260-б буйругу аткарууга алынсын.
2. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топту түзүү айылдык кеңештин депутаттарына жүктөлсүн.
3. III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү Ала-Бука айыл аймагындагы алты шайлоо округдарында 2-3-4-декабрь күндөрүнө белгиленсин.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну, өзүмө калтырамын.
Айылдык кеңешинин төрагасы: |
Д.Акпаралыев. |