Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2024-жылдын 29-ноябры №1/3
“Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 41-беренесинин негизинде Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын I уюштуруу сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо боюнча 2024-жылдын 29-ноябрындагы №1-протоколу бекитилсин.
2. Айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарлары болуп Дооранбек уулу Баймырза жана Усенбаева Калчабү Сатимбаевналар шайланган деп таанылсын..
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырамын.
Айылдык кеңешинин төрагасы: |
Д.Акпаралыев. |