Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-декабры № 769
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Спортчуларды натыйжалуу даярдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-январындагы № 7 "Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
8 | Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы үчүн | 213 |
Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжи жана Олимпиадалык резервдин региондук мектеби үчүн | 489 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында 26653 "Социалдык төлөмдөрдү жогорулатуу" ведомстволук классификациясы боюнча социалдык чөйрөнүн мекемелеринде тамактануу ченемдерин жогорулатууга каралган бюджеттик ассигнованиелерден тиешелүү каражаттарды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине бөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2024-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |