Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 11-январы № 1
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 19-ноябры, № 136) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
34-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-бөлүк менен толукталсын:
"5-1. Ушул берененин 2-4-бөлүктөрүндө каралган социалдык жактан коргоо чаралары Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун судьяларына да жайылтылат.";
б) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, Конституциялык соттун, Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун судьялары болуп иштеген адамдарга пенсиясына үстөк акынын өлчөмү юридикалык кесиби боюнча иш стажын эске алуу менен ушул берененин 4 жана 5-бөлүктөрүнө ылайык аныкталат.
Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун өз ыйгарым укуктарын токтоткон судьяларына Евразия экономикалык бирлигинин Сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын аткаруу мезгили судьялык иштин стажына кошуп эсептелет.".
2-берене.
Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С. Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 5-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |