Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН токтому

 

2024-жылдын 27-декабры № 808

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына болгон рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 17-беренесине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 341-беренесинин 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктунун 11-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 137 "Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлардын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;

2) Өсүмдүк майын, канаттуулар жана балыктар үчүн тоюттарды өндүрүү үчүн арналган, салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу чийки заттардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.";

- жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;

- ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык 2-тиркеме менен толукталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун биринчи абзацындагы "2024-жылдын" деген сөздөр "2025-жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-майындагы № 264 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун биринчи абзацындагы "2024-жылдын" деген сөздөр "2025-жылдын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 455 "Социалдык маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ички рыногунда бааларга убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн болгон социалдык маанилүү товарлардын тизмегинде:

- 4-пункттагы "күн карама" деген сөздөр алып салынсын;

- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"16. Айыл чарба жаныбарлары, канаттуулар жана балыктар үчүн тоюттар".

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-февралындагы № 80 "2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планында:

- 7-пункттун 7.10-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.

7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-декабрындагы № 101 (3656) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев

 

 

 

1-тиркеме

Салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлардын ТИЗМЕГИ

№

Товардын аталышы

ЕАЭБ ТЭИ ТН коду

Колдонуу мөөнөтү

1

Инкубациялоо үчүн үй тоокторунун (Gallus domesticus) уруктандырылган жумурткалары

0407 11 0000

2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин

2

Кубулма форель балыгынын тоюту

2309 90 1000

2309 90 3100

2309 90 9609

2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин

3

Ири мүйүздүү мал, тирүү башка

0102 29

2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин

4

Ири мүйүздүү малдын эти

0201 10

0201 20

0202 10

0202 20

2025-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин

 

 

 

2-тиркеме

Өсүмдүк майын, канаттуулар жана балыктар үчүн тоюттарды өндүрүү үчүн арналган, салык салынуучу жеткирүүлөргө жана салык салынуучу импортко нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу чийки заттардын ТИЗМЕГИ

№

Товардын аталышы

ЕАЭБ ТЭИ ТН коду

Колдонуу мөөнөтү

1

Катуу буудай башка

1001 19 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

2

Башка жүгөрү

1005 90 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

3

Буудай жана меслин башкалар, үрөндүк эмес

1001 99 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

4

Буудай клейковинасы, кургак же чийки зат

1109 00 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

5

Башкалар (соя буурчактары)

1201 90 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

6

Башкалар (рапс үрөндөрү)

1205 10 900 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

7

Циамопсис (гуара) уругунан жасалган клей жана коюлткучтар

1302 32 900 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

8

Балык майы

1504 20 900 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

9

Соя майы

1507 10 100 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

10

Тамак-ашка керектөө үчүн пайдаланылуучу продукттарды өндүрүүнү кошпогондо, техникалык же өндүрүштүк колдонуу үчүн

1512 11 100 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

11

Рапс майы

1514 11 100 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

12

Ачыткы

2102 20 190 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

13

Белок концентраттары

2106 10 800 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

14

Балыктан же рак сымалдардан, молюскалардан же башка суу омурткасыздарынан жасалган майда жана кесек салынган ун жана гранулдар

2301 20 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

15

Эттен же эттин кошумча продукттарынан жасалган майда жана кесек салынган ун жана гранулдар; сызык

2301 10 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

16

Жүгөрүдөн крахмал өндүрүүдөн калган калдыктар (концентрацияланган чылоочу суюктукту кошпогондо), кургак затка кайра эсептөөдө 40 мас. %дан көп белок камтылган

2303 10 110 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

17

Соя шроту

2304 00 000 1

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

18

Күнкараманын күнжарасы жана шроту

2306 30 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

19

Рапс күнжарасы

2306 41 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

20

Эрүүчү балык продукттары же деңиз сүт эмүүчү жаныбарларынан жасалган продукттар

2309 90 100 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

21

Органикалык жана органикалык эмес негиздеги 49 мас. % же андан көп хлорид холин камтыган жаныбарларды тоюттандыруу үчүн колдонулуучу продукттар

2309 90 960 1

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

22

Жаныбарларды тоюттандыруу үчүн колдонулуучу продукттар, башкалар

2309 90 960 9

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

23

Магний оксиди, кальцийленген табигый магний карбонатынан башка

2519 90 100 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

24

Натрий сульфаты

2530 90 000 9

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

25

Магний гидроксиди жана пероксиди

2816 10 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

26

Цинк оксиди; ZF72 тоюттук цинк пероксиди

2817 00 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

27

Натрий бромиди же калий

2827 51 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

28

77 мас. % же андан көп марганец камтыган марганец оксиди

2820 90 100 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

29

Лизин жана анын татаал эфирлери; ушул кошулмалардын туздары

2922 41 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

30

Башка аминокислоталар, кычкылтек камтыган функционалдык топтордун бирден ашык түрүн камтыган кошулмаларды жана алардын эфирлерин кошпогондо; ушул кошулмалардын туздары

2922 49 850 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

31

L Треонин

2922 50 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

32

Магний сульфаты

2833 21 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

33

Жез сульфаты

2833 25 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

34

Кальций фосфаты башкалар

2835 26 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

35

Моногидрат темир сульфаты

2833 29 800 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

36

Кобальт, титан сульфаты

2833 29 300 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

37

Калий карбонаты (поташ)

2836 400 00 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

38

Органикалык эмес кислоталардын же пероксокислоталардын туздары, башкалар

2842 90 800 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

39

Башка аминокислоталар, кычкылтек камтыган функционалдык топтордун бирден ашык түрүн камтыган кошулмаларды жана алардын татаал эфирлерин кошпогондо; ушул кошулмалардын туздары

2922 49 850 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

40

Төртүнчүлүк аммонийлик негиздин башка туздары жана гидроксиддери (бетаин гидрохлорид)

2923 90 000 9

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

41

Метионин

2930 40 900 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

42

Азот гетероатомун (гетероатомдорун) гана камтыган гетороциклдүү башка кошулмалар (L-триптофан)

2933 99 800 8

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

43

А витаминдери жана алардын туундулары

2936 21 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

44

В2 витамини жана анын туундулары

2936 23 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

45

В1 башка витаминдери жана анын туундулары

2936 22 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

46

D- же DL-пантотен кислотасы (В3 витамини же В5 витамини), анын туундулары

2936 24 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

47

В6 витамини жана анын туундулары

2936 25 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

48

В12 витамини жана анын туундулары

2936 26 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

49

С витамини жана анын туундулары

2936 27 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

50

Е витамини жана анын туундулары

2936 28 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

51

В9 витамини жана анын туундулары;

Н витамини жана анын туундулары

2936 29 000 1

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

52

Витаминдер башка жана алардын туундулары

2936 29 000 9

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

53

Витаминдердин аралашмасы, анын ичинде ар кандай эриткичтеги, табигый концентратты (КЗ витамин) кошкондо

2936 90 000 2

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

54

Башка органикалык боёчу синтетикалык заттар жана алардын негизинде даярдалган препараттар

3204 19 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

55

Башка пептондор жана алардын туундулары; башка жерде аталбаган же киргизилбеген башка белок заттары жана алардын туундулары; хромдолгон же хромсуз териден же гольёдон порошок

3504 00 900 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

56

Фитаза

3507 90 900 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин

57

Табигый полимерлер башкалар

3913 90 000 0

2025-жылдын

1-январынан

31-декабрына чейин