Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXXI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 9-августу № 196
“Мады айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айга жергиликтүү салыктардын жыйналышы жана мекеме ишканалардан жыйналган салыктар боюнча маалыматы”
Мады айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айга жергиликтүү салыктардын жыйналышы жана мекеме ишканалардан жыйналган салыктар жөнүндө айыл өкмөтүнүн салык адистеринин маалыматын жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II-бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин негизинде Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 6 айга жергиликтүү салыктардын жыйналашы жана мекеме ишканалардын жыйналган салыктары жөнүндө салык адистеринин берген маалымат эске алынсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин финансы, бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Аматовго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |