Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXXI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 9-августу № 197
“Көчөгө ат коюу жөнүндө”
Мады айыл аймагына караштуу Кызыл-Тал айылынын тургундары, Белеков Кубанычбектин жана Октябрь айылынын тургуну Эгембердиев Эрмектин арызынын негизинде даярдалган мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевдин маалыматын угуп жана Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндөгү» мыйзамынын 7-беренесин негиз кылып, Мады айылдык кеңеши төмөндөгү көчөлөргө ысым берүү максатында токтом кылат:
1. Мады айыл аймагына караштуу Кызыл-Тал айылынын аты жок көчөгө Раимбеков Жумаштын, Кызыл-Тал 2 көчөсүнө Белек уулу Бекмураттын, Октябрь айылындагы Биримдик 2 көчөгө Эгенбердиев Аширбектин ысымдары ыйгарылсын.
2. Жаңыдан аталышка ээ болгон Раимбеков Жумаш, Белек уулу Бекмураттын жана Эгенбердиев Аширбек атындагы көчөгө көчө белгилерин жаздырып илдирүү, көчөнү жашылдандыруу, жолдорун оңдоо жана жарыктандыруу жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган маркум Раимбеков Жумаштын, Белек уулу Бекмураттын жана Эгенбердиев Аширбектин балдарына, жакын туугандарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |