Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXXI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 9-августу № 198
“Мады–Тазалык” муниципалдык ишканасынын айылдардын чыгып жаткан таштандыларды алып чыгууга болгон төлөмдөрүнүн бааларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
“Мады Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Пазыловдун айылдардан чыгып жаткан катуу тиричилик калдыктарын алып чыгууга болгон төлөмдөрүнүн бааларына (тарифине) өзгөртүү киргизүү боюнча билдирүүсүн жана эл менен болгон чогулуштун протоколунун, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II-бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин негизинде Мады айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында угуп, талкуулап токтом кылат:
1. Мады–Тазалык муниципалдык ишканасынын айылдардан чыгып жаткан
таштандыларды алып чыгууга болгон төлөмдөрүнүн баалары төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгууга жана жайгаштыруу үчүн түзүлгөн эсептөөлөрдүн өлчөмү
№ | Мазмууну | 1 айга (сом) | Каржылоочу |
1. | Жеке үйлөр | 100 | Ар бир кожолук |
2. | Мектептер | 500 | Айыл өкмөтүнүн бюджетинен |
3. | Бала бакчалар | 500 | Айыл өкмөтүнүн бюджетинен |
4. | Оорукана | 2000 | Өзүнүн бюджетинен |
5. | Акушердик Фельдшердик пункт | 1800 | Өзүнүн бюджетинен |
6. | Поликлиника | 1500 | Өзүнүн бюджетинен |
7. | Азык-тулүк сатуучу дукөндөр | 500 | Дүкөн ээси |
8. | Коомдук тамактануучу жайлар | 500 | Ээси төлөйт |
9. | Навайкана | 200 | Ээси төлөйт |
10. | Мончолор | 1000 | Ээси төлөйт |
11. | Чач тарач, сүрөт кана | 200 | Ээси төлөйт |
12. | Машугуу залы | 300 | Эсси төлөйт |
13. | Дарыкана (аптека) | 200 | Эсси төлөйт |
14. | Май куюучу жайлар (АЗС) | 200 | Ээси төлөйт |
15. | Базарлар | 1000 | Базар ээси төлөйт |
16. | Айыл аймагындагы тазалыкты сактоо ( жолдордун эки жагы) | 8000 | Айыл өкмөтүнүн бюджетинен |
17. | Авто унаа жуучу жайлар | 500 | Ээси төлөйт |
2. Мады Тазалык муниципалдык ишканасына айыл өкмөтүнүн бюджетинен 300,0 миң сом акча каражаты субсидия катары бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий маселелер, жаштар иштери, спорт жана илим билим берүү жана финансы, бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |