Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXXI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 9-августу № 199
“Кошумча муниципалдык кызматтардын тизмесин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II-бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесине негизинде Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кошумча муниципалдык кызматтардын тизмеси жана кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарты бекитилсин. (тирке тиркелет)
2. Кошумча муниципалдык кызматтардын тизмеси жана кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартына ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчыга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий маселелер, жаштар иштери, спорт жана илим билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Абдыкадырова жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |
Мады айылдык Кеңешинин 2024 - жылдын 9-август кезектеги XXXI сессиясынын №199 токтомуна тиркеме
Кошумча кызматтардын тизмеси
№ | Кызмат көрстүүлөрдүн аталышы | Кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартташтырууга жооптуу органдардын аты | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруучунун аты | Кызмат көрсөтүүнүн шарттары (акылуу же акысыз) |
1 | Мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки майыптарга жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
2 | Бала кезинен мүмкүнчүлүгү чектелген майыптарга жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
3 | Жалпы мүмкүнчүлүгү чектелген 1,2,3-топтогу майыптарга жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
4 | Кургак учук менен ооругандарга жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
5 | Баатыр-Энелерге жол акыга жана даарыга материалдык жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
6 | 1-топтогу майыптарга көмүргө материалдык жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
7 | Жалгыз бой карыялар жылына бир жолу жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
8 | Аз камсыз үй бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
9 | ЧАЭС катышуучуларына жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
10 | Ооганчыларга жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
11 | Баткенчилерге жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
12 | 9-май Жениш күнүнө карата: тылда эмгектенгендерге,эмгек ардагерлерине жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
13 | Энелер күнүнө жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
14 | 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
15 | 1-октябрь Карыялар күнүнө жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
16 | 3-декабрь Майыптар күнүнө жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
17 | Дулөй –дудук жатак мектебине жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
18 | «Сезим» майыптар коомуна жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
19 | ВИЧ СПИД | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
20 | Зордук-Зомбулуктун алдын алуу | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
21 | 8-март аялдарды куттуктоо | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
22 | Нооруз майрамын өткөрүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
23 | Эгемендүүлүк күнүн өткөрүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
24 | Муниципалдык кызматкерлердин күнүн белгилөө | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
25 | Спорттук майрамдарды өткөрүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
26 | Аялдарды медициналык кароодон өткөрүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
27 | «Мады биримдиги» жаштар уюмуна жардам берүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
Мады айыл өкмөтүнүн башчысынын
орун басары, жооптуу катчы: С. Боронов