Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXXI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 9-августу № 200
“Мады айыл аймагына караштуу Гулпери, Ынтызар, Акчөлмөк, Курманжан Датка, Перизат, Шайыр балдар бакчасына кошумча тайпа ачуу жөнүндө”
Мады айыл аймагына караштуу Гулпери, Ынтызар, Акчөлмөк, Курманжан Датка, Перизат, Шайыр мектепке чейинки билим берүү уюмуна кошумча тайпа ачуу боюнча директорлордун арызынын жана жаш үй-бүлөлөрдүн саны көбөйүп, ата-энелердин бала бакчага муктаждыгы өсүп жаткандыгын эске алып жана Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл аймагына караштуу төмөнкү мектепке чейинки билим берүү уюмдарына кошумча тайпа ачууга уруксат берилсин.
- Октябрь айылындагы Гулпери мектепке чейинки билим берүү уюмуна 2 тайпа.
- Каарман айылындагы Перзат мчбб уюмуна 2 тайпа,
- Каарман айылындагы Ынтызар мчбб уюмуна 1 тайпа.
- Асан-Чек айылындагы Акчөлмөк мчббнун уюмуна 2 тайпа.
- Социалимз айылындагы Курманжан Датка мчбб уюмуна 1 тайпа.
- Кыргыз-Чек айылындагы Шайыр мчбб уюмуна 3 тайпа.
2. Кошумча ачылып жаткан тайпалардын штаттык бирдиктерин чечип берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Жаңы ачылып жаткан тайпаларды керектүү эмеректер менен камсыздоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2025-жылдан баштап каржылансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык, маданий, жаштар иштери, спорт жана илим, билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Абдыкадыровага жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |