Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXXI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 9-августу № 201
“Мады айыл аймагындагы Социалдык конуштагы идентификациялык коду №5-0410-1002-0777 сандуу жер тилкесине Окуу борбор куруу үчүн маданият үйүнүн жалпы жер аянтынан 0,07 га жер аянтын өзүнчө мамлекеттик гос акты жасоо жөнүндө”
Мады айыл аймагындагы Социалдык конуштагы жер тилкесинен идентификациялык коду №5-0410-1002-0777 сандуу жер тилкесинен 0,07 га жер аянтына окуу борбор куруу үчүн Данида коомдук фондунун 2019-жылдын №13 чыгыш катынын негизинде айылдык кеңеш тарабынан 2019-жылдын 5-апрелинде №92 сандуу токтому жана 2019-жылдын 25-июлунда айыл өкмөт тарабынан №42 сандуу токтомунун негизинде Окуу борбор куруу үчүн маданият үйүнүн жалпы жер аянтынан 0,07 га жер аянтын өзүнчө мамлекеттик гос акты жасоо жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К.Алимбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл аймагындагы Социалдык конуштагы идентификациялык коду №5-0410-1002-0777 сандуу жер тилкесине Окуу борбор куруу үчүн маданият үйүнүн жалпы жер аянтынан 0,07 га жер аянтын өзүнчө мамлекеттик гос акты жасоого макулдук берилсин.
2. Мады айыл өкмөтүнүн башчысына жерлерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча документерди даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо жана Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияларына (Д.Каримов, КТемирбаев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |