Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ XXXI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 9-августу № 202
“Мады айыл аймагындагы Кызыл-Тал айылынын социалдык
конуштагы 1,24 га жер тилкесине 320 орундуу заманбап мектеп курууга макулдук берүү жөнүндө”
Мады айыл аймагындагы Кызыл-Тал айылынын социалдык конуштагы 1,24 га жер тилкесине (гос акты алынган) 320 орундуу заманбап мектеп куруу жөнүндөгү айыл өкмөт башчы Н.К.Алимбековдун билдирүучүн угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл аймагындагы Кызыл-Тал айылынын социалдык конуштагы 1,24 га жер тилкесине 320 орундуу заманбап мектеп курууга макулдук берилсин.
2. Мады айыл өкмөтүнүн башчысына жерлерди эсепке алуу, документерди даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо жана Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияларына (Д.Каримов, КТемирбаев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |