Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ
XXXII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 4-сентябры № 204
“Жергиликтүү бюджеттин 2023-жылдагы калдык сумманын жана 2024-жылдагы бекитилген сумманын айылдарга, мектеп бала бакчаларга жана башка муктаждыктарга бөлүштүрүлгөн акча каражаттары менен аткарылган жумуштар боюнча маалымат”
Мады айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдагы калдык сумманын жана 2024-жылда бекитилген сумманын айылдарга, мектеп, бала бакчаларга жана башка муктаждыктарга бөлүштүрүлгөн акча каржаттар менен аткарылган жумуштар боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Мырзабаевдин жана 2024-жылдын 26-август күнү Финансы, бюджет жана экономика, Өнөр жай, курулуш, транспорт, соода байланыш энергетика жана Инвестиция тартуу, ишкердүүлүк, коомдук уюмдар менен иштөө жана алардын иштерин пландаштыруу боюнча туруктуу комиссиялардын кошмо отурумунун негизинде Мады айылдык кеңеши берген маалыматын угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Жергиликтүү бюджеттин 2023-жылдагы калдык сумманын жана 2024-жылдагы бекитилген сумманын айылдарга, мектеп бала бакчаларга жана башка муктаждыктарга бөлүштүрүлгөн акча каражаттары менен аткарылган жумуштар боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Мырзабаевдин маалыматы жактырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин финансы, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Аматовго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |