Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ
XXXII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 4-сентябры № 206
“Калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйындын өлчөмүн кароо жана бекитүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардын аймагындагы таштандыларды чыгаруу үчүн жыйындын өлчөмүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин VI бөлүмүнүн бюджеттер аралык мамилелер принциптеринин 48-беренесинин жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин 9-пунктуна ылайык жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 8-декабрындагы №025-04-3-12920 сандуу катынын негизинде, калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйындардын өлчөмүн боюнча айыл өкмөтүнүн билдирүүсүн жана 2024-жылдын 26-августундагы Финансы, бюджет жана экономика, Өнөр жай, курулуш, транспорт, соода байланыш энергетика жана Инвестиция тартуу, ишкердүүлүк, коомдук уюмдар менен иштөө жана алардын иштерин пландаштыруу боюнча туруктуу комиссиялардын кошмо отурумунун негизинде Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйындын өлчөмү төмөндөгүдөй бекитилсин.
К№ | Ишкананын түрлөрү | Ставка |
1. | Май куючу жайлар (заправка) | 2000 |
2. | Ашканалар | 1500 |
3. | Дарыканалар (аптека) | 1000 |
4. | Магазиндер | 1500 |
5. | Иштеп жаткан ишканалар чоң-чоң | 2000 |
6. | Чачтарач (парихмахер) | 1000 |
2. Жыйынды 1-апрелге чейин төлөө мөөнөтүү белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин финансы, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Аматовго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |