Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ
XXXII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 4-сентябры № 208
“Мады айыл өкмөтүнүн 2025-жылга үлүштүк дем берүүчү грантка жана өнүктүрүү фонддор тарабынан айылдарда, мектептер, бала бакчаларда аткарылуучу жумуштар”
Мады айыл өкмөтүнүн 2025-жылга үлүштүк дем берүүчү грантка жана өнүктүрүү фонддор тарабынан айылдарда, мектептерде, бала бакчаларда аткарылуучу жумуштар боюнча Финансы, бюджет жана экономика, Өнөр жай, курулуш, транспорт, соода байланыш энергетика жана Инвестиция тартуу, ишкердүүлүк, коомдук уюмдар менен иштөө жана алардын иштерин пландаштыруу боюнча туруктуу комиссиялардын 2024-жылдын 26-август кошмо отурумунун негизинде Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнүн 2025-жылшга үлүштүк дем берүучү грантка жана өнүктүрүү фонддорго, айылдарда, мектептерде, бала бакчаларда аткарылуучу жумуштар бекитилсин.
1. Чагыр айылындагы №130 Шабы Жумаев атындагы орто мектебине ашкана куруу.
2. Тээке, Лаглан айылдарына Эмкана (ФАП) куруу.
3. Мады айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан Датка атындагы территориалдык эмкана куруу.
4. Учкун айылынын Зикиров Бекмурат көчөсүнө тратуар куруу.
5. Учкун айылындагы Элнурай балдар бакчасынын полун алмаштыруу.
6. Учкун айылындагы Салибаев Чекирбай көчөсүнө асфальт төшөө.
(муниципалдык бала бакча болгондугуна байланыштуу)
7. Ош-Эркечтам жолунун 11 кмга (Мойка) тратуар куруу. (ПСЭРде бар)
8. Мады айылындагы солго бурулган көчөгө асфальт төшөө. (котормо айылына кирген көчө)
9. Октябрь айылындагы Курманбек Төрөев көчөсүнө асфальт төшөө.
10. Чагыр айылындагы Кадырбердиев Курманбай атындагы көчөгө асфальт басуу (муниципалдык бакча жана спорт комплекс болгондугуна байланыштуу)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Инвестиция тартуу, ишкердүүлүк, коомдук уюмдар менен иштөө жана алардын иштерин пландаштыруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Маткадыровко жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |