Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-январы № 2
2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Түркия
Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Түркия Республикасынын
Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Карызды эсептен
чыгаруу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Карызды эсептен чыгаруу жөнүндө макулдашуу (мындан ары - Макулдашуу) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Макулдашуунун күчүнө кириши үчүң зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө түркия тарапка кабарласын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күңдөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-январындагы № 3 (3659) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |