Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ
XXXII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 4-сентябры № 210
“Мады айыл аймагынын Кыргыз-Чек айылындагы “Ханбийке” мектепке чейинки билим берүү уюмунун филиалын ачуу жөнүндө”
Мады айыл аймагынын Кыргыз-Чек айылындагы “Ханбийке” мектепке чейинки билим берүү уюмунун филиалын ачуу жөнүндөгү бала бакча директору Э.Жээнтаеванын арызынын жана жаш үй-бүлөлөрдүн саны көбөйүп, ата-энелердин бала бакчага муктаждыгы өсүп жаткандыгын эске алып Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл аймагынын Кыргыз-Чек айылындагы жеке менчик үйдүн ээси Жээнтаева Элизанын атындагы үйгө муниципалдык “Ханбийке” мектепке чейики билим берүү уюмунун филиалын ачууга уруксат берилсин.
2. “Ханбийке” мектепке чейинки билим берүү уюмунун ачылган филиалына кошумча 2 тайпа ачууга уруксат берилсин.
3. Кошумча ачылып жаткан 2 тайпанын штаттык бирдигин чечип берүү жагы Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Жаңы ачылып жаткан тайпаларды керектүү эмеректер менен камсыздоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2025-жылдан баштап каржылансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык, маданий, жаштар иштери, спорт жана илим, билим берүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Абдыкадыровага жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |