Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ
XXXII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 4-сентябры № 212
“Муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө”
Муниципалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында “Муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, Мады айылдык кеңешинин 2024-жылдын 4-сентябрындагы № 2011 токтому менен “Муниципалдык менчик объектилерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби жөнүндө” жобонун 8-главасына ылайык, Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун милдеттерин аткаруу алкагында муниципалдык мүлктү Бизнес-өнөктөш Менгишов Бактыбек жана Талант кызы Айдай тандалып алынган экономикалык ири долбоорун ишке ашыруу үчүн ижарага берилсин.
2. Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Н.К.Алимбеков белгиленген тартипте муниципалдык менчикти ижарага берүү боюнча Келишим түзүлсүн жана мүлктү кабыл алуу актынын негизинде өткөрүлүп берилсин.
3. Бизнес-өнөктөш Менгишов Бактыбек жана Талант кызы Айдай:
- Өткөрүп берүү, кабыл алуу актыда көрсөтүлгөндөрдү белгиленген тартипте ижарага кабыл алсын;
- Ижарага алынган мүлктү максаттуу пайдаланышын камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресусртары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинде кабыл алуу-өткөрүп берүү актыда көрсөтүлгөн имаратты, курулманы жана кыймылдуу мүлктү ижарага алуу келишимин белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартип чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |