Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ
XXXII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 4-сентябры № 214
“Мады айыл өкмөтүнө караштуу “Жайыт”, “Мады Тазалык”, “Мады суу байлыгы” муниципалдык ишканаларын бириктирип кайрадан муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө”
Мады айыл өкмөтүнө караштуу “Жайыт”, “Мады Тазалык”, “Мады суу байлыгы” муниципалдык ишканаларын бириктирип кайрадан муниципалдык ишкана түзүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алимбековдун билдирүусүн угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл өкмөтүнө караштуу “Жайыт”, “Мады Тазалык”, “Мады суу байлыгы” муниципалдык ишканаларын бириктирип кайрадан муниципалдык ишкана түзүүгө макулдук берилсин.
2. Иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөо жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук, мандат, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Темирбаевке жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |