Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ
XXXII СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 4-сентябры № 216
“Мады айыл аймагындагы Ханбийке мектепке чейинки билим берүү уюмуна, №40 Б.Азизов атындагы орто мектебине жана №26 Кызыл-Тал негизги мектебине таш көмүр бөлүү жөнүндө”
Мады айыл аймагындагы Ханбийке мектепке чейинки билим берүү уюмуна, №40 Б.Азизов атындагы орто мектебине жана №26 Кызыл-Тал негизги мектебине таш көмүр менен жылытууга өткөндүгү жөнүндө айыл өкмөтүнүн ФЭб башчысы М.Мырзабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Мады айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мады айыл аймагындагы Ханбийке мектепке чейинки билим берүү уюмуна, №40 Б.Азизов атындагы орто мектебине жана №26 Кызыл-Тал негизги мектебине жергиликтүү бюджеттен таш көмүр бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышн көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин финансы, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Аматовго жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Мадазимов |